АКШ менен Түштүк Корея Пхеньянга жооп кылып, машыгууда ракета учурду

© AFP / FRED DUFOURФлаг КНДР
Флаг КНДР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 4-июлда Түндүк Корея континенттер аралык "Хвасон-14" баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялаган

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Түндүк Кореянын континенттер аралык "Хвасон-14" баллистикалык ракетасына жооп катары АКШ менен Түштүк Корея биргеликте машыгуу өткөрүп, ракета учурду. Бул туурасында РИА Новости NHK телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Задержание членов МТО - Sputnik Кыргызстан
УКМК: өлкө чек арасында теракт даярдаган төрт киши кармалды
Маалыматка ылайык, машыгуу шаршембинин таңында өткөрүлгөн. Анда "Жер-жер" үлгүсүндөгү ракета колдонууга берилип, Американын кургактагы аскерлери жана Түштүк Корея армиясынын жакынкы аралыктагы баллистикалык ракеталары сыноодон өткөрүлгөн.

Белгилей кетсек, 4-июль күнү Түндүк Корея континенттер аралык "Хвасон-14" баллистикалык ракетасы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жарыялап, анын 2 802 чакырым бийиктикте ал эми 933 чакырым алыстыкка учканын билдирген.

Кийинчерээк Россиянын Коргоо министрлиги Түштүк Кореянын ракетасы 2802 эмес 535 чакырым бийиктикке көтөрүлгөнүн, ал эми алыстыкка 933 эмес, 510 чакырымга чейин учканын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0