21:57 21 Аяк оона 2017
Түз эфир
Дүйнөдө

Кыздарды жүрөк оору кылган Кемал сүйүктүүсүнө үйлөндү. Үлпөт тоюнан кадрлар

Кыскача шилтеме алуу
146120
Youtube / KEMAL & NIHAN

Популярдуу "Сокур сүйүү" (Kara sevda) түрк сериалынын башкы каарманы Кемалдын ролун аткарган Бурак Өзчивит үч жылдан бери мамиле куруп жүргөн кызы Фахрийе Эвженге үйлөндү. Алардын үлпөт тою 29-июнь күнү болуп, нике кыюу салтанаты Стамбулдагы Босфор деңизинин жээгинде өткөн.

Айрым маалыматтарда түгөйлөрдүн сүйүү романы 2014-жылы мелодрама жанрындагы "Сүйүү сага окшош" сериалына тартылуу учурунда башталганы айтылат.

Түркиялык актер Бурак Өзчивит 31 жашта. Стамбулдагы Мармара университетинин кино, көркөм өнөр жана сүрөт факультетин аяктаган. Тасмага тартылуудан сырткары фотомодель болуп да иштейт. Ошондой эле дүйнөгө белгилүү сериалдардын бири болгон "Даңазалуу доор" тасмасында Малкочоглу Бали Бейдин ролун аткарган. Жубайы Фахрийе Эвжен дагы модель, актриса.

Эскерте кетсек, эки жылга созулган "Сокур сүйүү" түрк сериалы 22-июнда соңуна чыгып, башкы каарман Кемалдын өлүмү менен аяктаган. Муну тасманын күйөрмандары трагедия катары кабыл алып, социалдык тармакттарда "аза күтүүгө" чейин барышкан.

Тема боюнча

"Сенден көрө жигитим өлсө болмок". Соцтармакты көз жашка толтурган Кемалдын өлүмү
Белгилер:
үйлөнүү, сериал, Түркия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ