Бириккен Араб Эмирлигинин АКШдагы элчиси Катарды кысымга алуу жолун сунуштады

© AFP / FAYEZ NURELDINEЧеловек проходит мимо филиала Qatar Airways в столице Саудовской Аравии
Человек проходит мимо филиала Qatar Airways в столице Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катардагы аль-Адид базасында учурда террорчулукка каршы коалиция менен АКШнын 11 миңден ашуун аскери бар.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин АКШдагы элчиси Юсеф Аль Отайба Американын Катардагы аба базасын аларга кысым жасоо үчүн курал кылып колдонууну сунуштады. Бул туурасында РИА Новости Hill гезитине таянуу менен жазды.

Катардагы аль-Адид базасында учурда террорчулукка каршы коалиция менен АКШнын 11 миңден ашуун аскери бар.

"Авиабаза — кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн камсыздалган жакшы ыкмасы. Балким, конгресстен кимдир бирөө "аба базасын башка жакка которуу маселесин карап чыгабыз" деп айтып көрөт чыгар", — деген сунушун айткан.

Доха шаары. Катар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Катар мамилеси сууп жаткан өлкөлөрдүн жарандарын аймагында калтырарын айтты
Буга чейин жума күнү Пентагон өкүлү Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Катарды блокадага алганы аль-Адид авиабазасынын операцияларын токтото албаганын айткан.

5-июнда Сауд Аравиясы, Бахрейн, Бириккен Араб Эмирлиги жана Египет бул мамлекет менен дипломатиялык алака-катнашты үзө тургандыгын билдирген. Коңшулары Катар "Ислам мамлекети" жана "Аль-Каида" террордук топторун колдоп, араб өлкөлөрүнүн ички чарбасына кийлигишет деп кине койгон. Бир аздан кийин аларга Ливия, Йемен, Мальдив, Мавритания жана Комор аралдары кошулган. Иордания менен Жибути дипломатиялык мамилесин солгундатса, Сенегал, Нигер жана Чад элчилерин чакыртып алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0