Нигериядагы чөлдөн 44 мигранттын сөөгү табылды

© Sputnik / Андрей Максимов / Медиабанкка өтүүСтраны мира. Намибия
Страны мира. Намибия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар ушул чөл аркылуу Европага өтүп Ливияга барууга аракет кылышкан.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Нигерияда чөлдөн 44 мигранттын сөөгү табылды. Алардын ичинде жаш балдар да болгон. Бул тууралуу Франс Пресс агенттиги жергиликтүү гуманитардык уюмдарга шилтеме берүү менен жазды.

Кайыктагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер ортолук деңизде жыл башынан бери 1000ден ашык мигрант жоголду
Агенттиктин маалыматы боюнча мигранттардын сөөгү Нигериянын түндүк жагындагы Агадес аймагынан табылган. Алар ушул чөл аркылуу Европага өтүп Ливияга барууга аракет кылышкан.

Окуя болгон жерде Эл аралык Кызыл крест жана Кызыл жарым ай уюмунун кызматкерлери иш алып барууда.

Миграция боюнча эл аралык уюму ушул жылы Европага деңиз аркылуу 54 миңге чукул качкын барганын билдирди. Ошондой эле Жер ортолук деңизге өтө берген жерден каза болуп, дайынсыз жоголгон адамдардын саны 1,3 миңге жеткен. Мигранттардын 85 пайызы Италияга бет алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0