Трамп дүйнө лидерлерин анын уюлдук телефонуна түз чалууга чакырды

© AP Photo / Matt RourkeАКШнын президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Агенттик адаттан тыш мындай чакыруу дипломатиялык протоколду бузуп, коопсуздук жана купуялыктан шек санатарын жазып чыкты.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн уюлдук телефонунун номерин дүйнө лидерлерине берип, аларды түз эле чалууга чакырганын Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдирди. 

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэльдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Германия ТИМ жетекчиси: АКШ алдыңкы держава статусун жоготту
Агенттик адаттан тыш мындай чакыруу дипломатиялык протоколду бузуп, коопсуздук жана купуялыктан шек санатарын жазып чыкты.

Трамп мындай мүмкүнчүлүктү Канада менен Мексиканын башчыларына сунуштаган, бирок андан Канаданын премьери Жастин Трюдо гана колдонгонун басылма президенттин айланасындагы ишенимдүү булактарга таянуу менен жазган.

Андан сырткары, франциялык аткаминерлердин айтымында, Трамп менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон дагы телефондорун бир-бирине беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0