ЖМК: Индияда апрелдин башынан бери ысыктан 170ге чукул адам каза болгон

© AFP / ROBERTO SCHMIDTАномальная жара в Индии
Аномальная жара в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү болгондой 2016-жылдын январь айында Индиядагы ысыктан 700гө чукул адам каза болсо, 2015-жылы 2,3 миң адам көз жумган.

БИШКЕК, 21 —май — Sputnik. Индиянын Теланган штатында 1-апрелден тарта ысыктан аз дегенде 167 адам каза болгон. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Жители индийской деревни спасают королевскую кобру от жажды. Фото с сайта Youtube пользователя Shyam unni - Sputnik Кыргызстан
Индияда адамдар акактаган жыландын суусунун кандырышты
Маалыматка караганда, Теланганда акыркы күндөрү термометр 40 градус ысыкты көрсөтсө, өлкөнүн айрым штаттарында абанын температурасы 47 градуска чейин көтөрүлгөн. Ысыктын мындай илеби Индияда дагы бир топ күнгө чейин сакталып турат.

Белгилүү болгондой 2016-жылдын январь айында Индиядагы ысыктан 700гө чукул адам каза болуп, көз жумгандардын көбү Теланган жана Андхра-Прадеш штаттарында катталган. Ал эми 2015-жылы 2,3 миң адам ысыктын курмандыгы болгон.

Индиянын метеорологиялык департаментинин март айында берген докладына ылайык, 2016-жыл өлкөнүн тарыхындагы эң ысык учур деп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0