10:36 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Апельсин. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар апельсинди жок болуп кетүүдөн коргоочу вирусту табышты

© Sputnik / Дадвадзе
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
6411

Учурда бул аракеттер лабораториялык сыноодон ийгиликтүү өткөн.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. АКШнын биологдору цитрус бактарынын вирусун апельсин бактарынын бактериясына каршы күрөшүүчү касиетке ээ кылышты. Бул тууралуу Nature маалымат сайты жазып чыкты.

Аталган вирус апельсин бактарынын мөмөлөрүн кычкыл кылып, алардын бышпай жашыл бойдон калышын шарттайт.

"Бул оору алгачкы жолу 2005-жылы массалык түрдө жайылган. Биз үчүн бул коңгуроо болду. Анткени ал мөмө багын бат эле талкалап койгон. Ошондуктан ага карата чара көрүшүбүз керек болчу", — деди Флорида университетинин агроному Фред Гмиттер.

Апельсин плантацияларынын учурдагы эң коркунучтуу "жашыл цитрус" оорусу абдан кооптуу. Бул вирус 20-кылымдын ортосунда Кытайда байкалган. Бирок ал акыркы учурда гана тездик менен жайыла баштаган.

Окумуштуулар бул вирусту курт-кумурскалар алып жүрөт деп ойлошкон, бирок илимий изилдөө иштеринин жыйынтыгында дартты Candidatus liberibacter бактериясы козгой турганын аныкташкан. Бул вирусту апельсин бактарында кеңири жайылган CTV микробу өлтүрө турганын окумуштуулар аныкташкан.

Учурда бул аракеттер лабораториялык сыноодон ийгиликтүү өттү.

Тема боюнча

Окумуштуулар киши жини келгенде күчтүүрөөк болуп каларын божомолдошууда
Франциялык окумуштуулар алгачкы ирет наноунаалардын жарышын уюштурду
Белгилер:
вирус, өсүмдүктөр, лаборатория

ЭҢ МААНИЛҮҮ