01:53 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Россиянын президенти Владимир Путиндин архивдик сүрөтү

Путин Трамп менен "жашыруун" сүйлөшкөн Лавровду кантип жазаларын айтты

© Sputnik / Сергей Гунеев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
180910

АКШ кааласа Москва Сергей Лавров менен Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрүнүн видеосун жиберерин Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Washington Post гезити АКШ президенти Дональд Трамп Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго "Ислам мамлекети" террордук тобу боюнча абдан маанилүү болгон чалгындоо аракеттери жөнүндөгү маалыматты берип салды деп жазган.

© Ruptly
Лаврову объявим выговор, не раскрыл нам секретов Трампа — шутка Путина

Путиндин сүйлөгөндөрүн РИА Новости агенттиги сайтына чыгарды.

Анда Россиянын президенти Путин Лавровго Трамп менен болгон сүйлөшүүлөрдүн сырын айтпаганы үчүн сөгүш жарыялай турганын тамашалап айткан.

"Америкада саясий шизофрения күч алууда. Анткени азыркы президентке карата айтылып жаткан айыптоолорду мен башкача сыпаттай албайм. Лавров менен бул темада сүйлөштүм. Ага сөгүш жарыялаш керек экен, себеби мага да, атайын кызматка дагы сүйлөшүү учурунда айтылган сырлар менен бөлүшкөн эмес. Эгер АКШ кааласа Лавров менен Трамптын сүйлөшүүсүн жиберүүгө даярбыз", — деди Путин.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт Макмастер Лавров менен Трамп жалпы коркунучтар тууралуу сүйлөшкөнүн айтып, булактар же чалгындоо кызматтарынын иштөө ыкмалары боюнча маселе талкууланбаганын билдирди.

Тема боюнча

АКШнын демократтары Трампка карата териштирүү жүргүзүүнү талап кылууда
Трамп министр Лавровго жашыруун маалыматты айтып салды деп ЖМКлар дүрбөп жатат
Белгилер:
Дональд Трамп, Сергей Лавров, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ