16:37 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Россиялык ишкер Алишер Усмановдун архивдик сүрөтү

Россиялык ишкер Усманов Британиянын эң бай адамдарынын катарын толуктады

© Sputnik / Владимир Федоренко
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
144730

Биринчи орунда Hinduja Group компаниясынын негиздөөчүлөрү, индиялык биртуугандар Шри жана Гопи Хиндуджалар турат.

БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Россиялык ишкер Алишер Усманов Sunday Times басылмасынын жыл сайын чыгарган рейтинги боюнча быйыл Улуу Британиянын эң бай адамдарынын катарын толуктагандыгын РИА Новости жазды. 

Жыл ичиндеги кирешеси 5,4 миллиард долларга өсүп, жалпы байлыгы 15,25 миллиард долларга бааланган Усманов байлардын тизмесинде бешинчи болуп турат.

Биринчи орунду Hinduja Group компаниясынын негиздөөчүлөрү, индиялык биртуугандар Шри жана Гопи Хиндуджа ээледи. Алардын байлыгы 21 миллиард долларды түзөт.

Былтыркы жылы лидерлик кылган ага-ини Дэвид жана Саймон Рубендер 18 миллиард долларга бааланган байлыгы менен үчүнчү орунга түшүп калышты. Алардын алдында Советтер Союзунда туулуп-өсүп, учурда Америкада ири ишкерлик кылган Леонид Блаватник турат (20,6 миллиард доллар).

Олигархтардын тизмесинин 13-сабында дагы бир россиялык бар. Ал "Челси" футбол клубуна кожоюндук кылган — Роман Абрамович. Байлыгы — 10,4 миллиард доллар.

Тема боюнча

КРде миллион доллар кантип тапса болот. Байлар менен карапайымдардын пикири
Дүйнөдөгү эң кымбат 10 футболчу аныкталды
Белгилер:
тизме, байлык, Алишер Усманов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ