07:25 30 Чын Куран 2017
Түз эфир
Fox News телеканалынын алып баруучусу Билл О'Рейлинин архивдик сүрөтү

АКШ: Fox News телеканалы Путинди мазактаган алып баруучуну кызматтан алды

© AFP / ILYA S. SAVENOK / GETTY IMAGES NORTH AMERICA
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
15711

67 жаштагы О'Рейли Fox News каналындагы эң белгилүү алып баруучу жана аналитик болуп эсептелет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. АКШнын Fox News телеканалы өзүнүн "жылдызга айланган" теле алып баруучусу Билл О'Рейлини Путинди мазактаганы үчүн кызматтан алды. Бул тууралуу 21st Century Fox мекемесинин сайтына жарыяланды. 

"Айтылган айыптоолорду тыкыр карап чыккандан кийин компания Билл О"Рейлини каналдан кетирүү чечимин чыгарган. Буга журналист өзү дагы макул болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул жылдын февраль айында телеканалдын "жүзү" деп саналган теле алып баруучу АКШнын президенти Дональд Трамп менен болгон маегинде Батыштын Москвага коюп жаткан айыптоолорун эскертип, Путинди "киши өлтүргүч" деп атаган.

Андан сырткары, журналист чогуу иштеген аялдарга асылган деп айыпталып, абалды жөнгө салуу үчүн телеканал менен О'Рейли беш аялга 13 миллион доллар төлөп берген.

67 жаштагы О'Рейли Fox News каналындагы эң белгилүү алып баруучу жана аналитик болуп эсептелет. Ал 1996-жылдан бери эң популярдуу болгон "Фактор О'Рейли" телеберүүсүн алып барган.

Тема боюнча

Forbes: Путин дүйнөдөгү эң тассирдүү адам деп таанылды
Белгилер:
ЖМК, телеканал, Fox News, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ