Мексикада пасхага арналган спектакль учурунда актер капысынан асынып каза болду

© flickr.com / Nick Vidal-HallВеревка
Веревка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көрөрмандар актерго дароо ошол жерден жардам бергенге аракет кылышкан, бирок ал ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Мексикада пасха майрамына арналган спектакль учурунда Иуданын ролун ойноп жаткан жаш актер көрүүчүлөрдүн көз алдында капысынан асынып калды. Бул тууралуу РИА Новости The Daily Mail басылмасына таянуу менен билдирди.

Национальный академический театр драмы имени Токтоболота Абдумомунова - Sputnik Кыргызстан
Театрдагы жымжырттык. Ээн сахна кандай көрүнөт
Учурда полиция 23 жаштагы актердун өлүмүнүн чоо-жайын иликтеп жатат.

Сценарий боюнча актер Иса пайгамбарды крестке байлагандан кийин жипти мойнуна салып асынып калышы керек болчу. Бирок актер турган тактайынан сыйгаланып жыгылып кеткен.

Көрөрмандар актерго дароо ошол жерден жардам бергенге аракет кылышып, Тез жардам чакырышкан. Бирок ал ооруканага бараткан жолдо үзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0