Белоруссияда массаждан бир кемпир каза тапты

© AFP / FRANCK FIFEСеанс массажа
Сеанс массажа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөөнүн натыйжасында массажисттин кесиптик билими жана иштөөгө лицензиясы жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Белоруссиянын Гродно шаарында 89 жаштагы кемпир өзүнө массаж жасаткандан кийин көз жумган. Бул туурасында Sputnik Белоруссия агенттиги облусттук ички иштер башкармалыгына таянуу менен билдирди.

Маалыматта кемпир жаш курагына байланыштуу массаж жасатуу муктаждыгы жаралгандыктан адистен жардам алууга барганы айтылат.

"Алган массаждан сырткары ден соолукту чыңдоочу көнүгүүлөрдү да жасаган. Мунун соңунда кемпирдин абалы начарлап, ооруканага жеткирилген. Бирок арадан көп өтпөй эле ал каза болуп калган", — деп айтылат ОИИБдин маалыматында.

Скорая помощь в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кытай: 4-кабатта турган ата-эненин колунан эки баласы түшүп кетип каза болду
Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен каза болгон кемпирдин ден соолугуна оор жаракат келтирилгени аныкталган.

Буга шектелип ошол эле шаардын 37 жаштагы жаранына кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн натыйжасында массажисттин кесиптик билими жана иштөөгө лицензиясы да жок болуп чыккан.

Мыйзам боюнча жети жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0