Трамп: мусулмандар Батышка оңой менен сиңишип кете албайт

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү
АКШ президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, 6-мартта Дональд Трамп мусулмандар көп жашаган Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизген.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Мусулмандар батыштын цивилизациясына оңой менен сиңип кете албай турганын АКШ президенти Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде баса белгилеген.

"Көнүшүү процесси жеңил болбойт. Мусулмандардын аралашып кетиши абдан оор болот", — деди Трамп.

Ал Германияда, Швецияда, Брюсселде жана башка жакта болуп жатканын окуяларды мисал келтирди.

Иран мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иран Трамптын качкындар боюнча Жарлыгынан кийин АКШ спортчуларына виза бербей койду
АКШ президентинин телеканалга берген маеги Трамптын миграциялык Жарлыгын токтотуу боюнча Гавайи штатынын сотунун өкүмү чыкканга чейин алынган. Трамп Теннесси штатынын Нэшвилл шаарында тарапташтары менен жолукканда бул чечимди саясатташтырылды деп сыпаттаган.

Белгилей кетсек, 6-мартта Дональд Трамп мусулмандар көп жашаган Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу чектөө киргизген. Президент мындай аракетин бул мамлекеттер согушкерлерге жардам берип, аларды жашырып жүргөнүнөн улам жасалганын баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0