Индияда дүйнөдөгү эң оор айымга операция жасалып, ашказаны кичирейтилди

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация по удалению злокачественной опухоли
Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египеттик аялдын аянычтуу тагдыры тууралуу былтыр октябрь айында Al Arabiyа телеканалы кабарлаган. Инсультка кабылып, төшөктө жатып калган аялдын салмагы 500 килограмм болчу.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Египеттик оор салмактагы Иман Ахмат Абдулатиге Индиянын Saifee Hospital ооруканасында ийгиликтүү операция жасалып, ашказаны кичирейтилди. Бул тууралуу РИА Новости Hindustan News басылмасына таянып кабарлады.

Маалыматка ылайык, Иман Ахмат Абдулатинин салмагы 500 килограммды түзүп, дүйнөдөгү эң оор салмактагы аял деп саналат.

Февраль айында EgyptAir авиакомпаниясы Абдулатини Египеттен Индияга дарыланууга жүк ташуучу борт менен ийгиликтүү жеткирген.

"Аялдын абалы турукташып калаары менен ал өз өлкөсүнө жөнөтүлөт, салмагынын төмөндөшүн дарыгерлер тобу көзөмөлдөп турат. Азыр ал 100 килограммдай салмакты суюк диетанын жардамы менен таштады. Биз эми 6-8 айдын ичинде дагы 100 килограммга чейин арыктайт деп үмүттөнүп жатабыз", — деп жазылат маалыматта.

Египеттик аялдын аянычтуу тагдыры тууралуу былтыр октябрь айында Al Arabiyа телеканалы кабарлап, инсультка кабылып, төшөккө жатып калганын жазган. Бейтап тууралуу маалымат тараган соң индиялык дарыгер, хирург ага жардам берерин айтып, тийиштүү жактарга кайрылып виза ачууга көмөктөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0