Трамп АКШдагы кайсы ЖМКлар "ушакчы" экенин билүү үчүн сурамжылоо жүргүзүүдө

© REUTERS / Kevin Lamarque Президент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Трамп ал президент болуп келгенге чейин эле АКШнын бир катар ЖМКлары жалганчы, ушакчы деп сындап келген. Бул басылмаларда иштеген журналисттерди "эң бактысыз адам" деп атаган.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп америкалыктар кайсы ЖМКларды эң "ушакчы" деп эсептей турганын билүү үчүн социалдык сурамжылоону баштаганын РИА Новости агенттиги билдирди.

"Жалган маалыматтарды токтотуу үчүн мага жардам бергиле. "Медиянын жоопкерчилиги" деген сурамжылоого катышып, кайсы ЖМК жалганчы экенин айткыла", — деп Трамп жазды.

Президент США Дональд Трамп и первая леди Мелания Трамп - Sputnik Кыргызстан
New York Times гезитинин журналисти Меланья Трамптан кечирим сурады
25 суроо камтылган сурамжылоо Трамптын жеке сайтында жайгаштырылган. Президент элден кайсы ЖМК маалыматтарды бурмалап таратарын баалоого чакырган. Сурамжылоодо CNN, Fox News жана MSNBC телеканалдары бар.

Трамп ал президент болуп келгенге чейин эле АКШнын бир катар ЖМКлары жалганчы, ушакчы деп сындап келген. Бул басылмаларда иштеген журналисттерди "эң бактысыз адам" деп атаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0