Атамбаевдин фамилиясы америкалыктарды кантип "кыйнады". Тердеткен телешоу

© Sputnik / Табылды КадырбековПопулярное сатирического шоу Saturday Night Live на телеканале NBC. Фото с сайта Youtube
Популярное сатирического шоу Saturday Night Live на телеканале NBC. Фото с сайта Youtube - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын маалымат катчысы Шон Спайсерди актриса Мелисса Маккарти туурап, анда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атын, фамилиясын кыйналып жатып айтты.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. АКШнын NBC телеканалындагы Saturday Night Live аттуу белгилүү сатиралык берүүсү Ак үйдүн маалымат катчысы Шон Спайсерди шылдыңдап, туураган.

Сценарий боюнча Спайсер (анын ролун гриммделген Мелисса Маккарти аткарган) Ак үйдө брифинг өткөрүп жатат. Маалымат катчынын образы жана анын журналисттерге жасаган мамилеси шылдыңдоо иретинде берилген. Анда Спайсер ЖМК өкүлдөрүн кагып, бир тутам сагызын чайнап, анысын кайра жерге таштап, трибунадан журналисттерге асылат.

"Мен азыр президенттин иштөө тартибинен баштагым келип жатат. Бүгүн президент Дональд Трамп Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин башчысы менен жолугат", — деп баштаган маалымат катчы брифингин.

Лексус деген каймана ат менен белгилүү пранкер Алексей Столяров - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин атынан Порошенко менен сүйлөшкөн пранкер Лексус: буга КРдин тиешеси жок
Андан кийин актриса Кыргызстандын президентинин атын жана дагы бир шаарды айтууга аракет кылат.

"Кыргхаахаазтандагы маселени талкуулоо үчүн Алма… ммм Алзмабек Атимадибебе менен жолугат. …. (бир нече сөздү айып келип) Арабара… Арабара… Арабара-Абадда!", — деп маалымат катчыны туураган актриса күлүп жиберген.

Saturday Night Live шоусу чыккан NBC телеканалы жума сайын Трамптын жана анын командасын тамашалап туурашат. Азыркы президент бул берүүгө жакшы көз карашта эместигин жашырбай, берүү боюнча өзүнүн  Twitter баракчасына жазып, маектеринде да айтып жүрөт. 

​"NBC телеканалы өзү эле эң начар телеканалдардын бири. Бирок бул берүү каналдын андан дагы аброюн түшүрөт", — деп жазылат Трамптын Twitter баракчасында.

Saturday Night Live (SNL) — Американын NBC телеканалына чыккан музыкалык-сатиралуу берүүсү. Аталган шоу АКШнын телевидениесинин тарыхындагы узак убакытка созулган жана белгилүү берүүлөрдүн бири болуп саналат. Ал эфирге 1975-жылы чыккан.

Аталган тамашалуу видеону YouTube каналында бир сутканын ичинде 8 миллион адам көргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0