Трамптын дүйнө лидерлери менен сүйлөшкөнү элге жайылып кетиши текшерилет

© REUTERS / Carlos BarriaБелый дом в Вашингтоне
Белый дом в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак үйдүн расмий өкүлү кандай иликтөө жүргүзүлүп жатканын так айткан жок. Ошол эле учурда түзүлгөн кырдаал боюнча мамлекет башчысы да кабатыр болуп жатканын ал айтты.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. АКШ президентинин аппараты Дональд Трамптын чет элдик лидерлер менен сүйлөшкөнү боюнча маалыматтар кантип ЖМКларга тарап кеткени боюнча абалды иликтей турганын Ак үйдүн расмий өкүлү Шон Спайсер билдиргенин РИА Новости маалымдады. 

"Биз абалды иликтеп жатабыз. Бул тынчсыздана турган абал", — деп Спайсер билдирген.

Ошондой эле чыгып кеткен айрым маалыматтар эрежелер менен мыйзамдарды да бузарын ал баса белгилеген. Ак үйдүн расмий өкүлү кандай иликтөө жүргүзүлүп жатканын так айткан жок. Ошол эле учурда түзүлгөн кырдаал боюнча мамлекет башчысы да кабатыр болуп жатканын ал айтты.

"Албетте, ал (президент – ред.)" тынчсызданууда. Анын сүйлөшкөндөрү сыр бойдон калбастан, сыртка чыгып жатышы кооптонууну жаратат", — деди ал.

Флаги стран США и Ирана - Sputnik Кыргызстан
Иран АКШ президенти Трампка 10-февралда жооп берерин айтты
Буга чейин Рейтер маалымат агенттиги Трамп жакында эле Путин менен сүйлөшкөндө СНВ-3 долбоорун ийгиликсиз деп атаганын жазган. Ак үйдүн расмий өкүлү бул тема боюнча брифинг учурунда жооп берүүдөн баш тартып, бул эки лидердин жеке сүйлөшүүсү экенин айткан.

Ошондой эле ЖМКлар Трамп Австралиянын премьер-министри жана Мексиканын президенттери менен катуу сүйлөшкөнүн жазып чыгышкан. Бирок, бул маалыматтарды АКШ президентинин администрациясы кийин төгүнгө чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0