БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда тараптар эки өлкөнүн мамилеси жана биргелешип терроризмге каршы күрөшүү тууралуу кеп кылышкан. Бул тууралуу РИА Новости Daily Sabah гезитине шилтеме берип кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, телефон аркылуу сүйлөшүү 45 мүнөткө созулган.
"Өлкө башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШ менен Түркиянын мурдагы тыгыз мамилеси тууралуу сөз болуп терроризмге каршы күрөшүү тарапташтардын баарлашуусунун негизги темасы болду ", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле, Трамп Түркияны АКШ НАТО жагынан стратегиялык өнөктөшү катары колдой турганын дагы бир жолу айтып, "Ислам мамлекети" террордук уюму менен күрөшүүдө Түркиянын да салымы зор экенин кошумчалаган.
Мындан сырткары Трамп Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен баарлашкан. Андан кийин француз президенти Франсуа Олланд жана Австралиянын премьери Малькольмом Тернбулл менен да байланышка чыккан.