Иракта террорчулардан качкан 12 адам полиция унаасында жарылды

© AFP / Sameer Al-DoumyСогушкер. Архив
Согушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуу себеби азырынча белгисиз. Бирок күч түзүмдөрүнүн божомолу боюнча террордук топ жүргүнчүлөрдүн биринин сумкасына жарылуучу зат салып койгон.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Жума күнү Ирактын түндүгүндө жайгашкан Хавиджа шаарында 12 адам полиция унаасынын ичиндеги жарылууда каза болду. Бул тууралуу полициянын полковниги Фатах Хасан билдирди деп жазат РИА Новости.

Диярбакыр шаарындагы жарылуудан жабыркаган унаалар - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Түркиянын Диярбакыр шаарында болгон жардыруудан КР жарандары жабыркаган жок
Анын айтымында, каза болгон адамдар "Ислам мамлекети" террордук тобунан качып жүрүшкөн. Качкындар полиция кызматкерлеринин унаасына коргологон, бирок ал бир аз убакыттан кийин жарылып кеткен. Кырсыктан каза болгондордун арасында жаш балдар, аялдар жана бир полиция кызматкери бар экени айтылууда.

Жарылуунун себеби азырынча белгисиз. Бирок күч түзүмдөрүнүн божомолу боюнча террордук топ жүргүнчүлөрдүн биринин сумкасына жардыруучу зат салып койгон. 

Эске салсак, Хавиджа шаары 2014-жылдын июнь айынан бери "Ислам мамлекети" террордук уюмунун көзөмөлүндө болуп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0