Чеченстанда атышуу болуп, полиция сегиз согушкерди жок кылды

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧечен республикасындагы полиция кызматкери. Архивдик сүрөт
Чечен республикасындагы полиция кызматкери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атышуу учурунда согушкерлер түшкөн автоунаа күйүп кеткен.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Чеченстандын Гудермес районунда атышуу болуп, полиция сегиз согушкерди жок кылды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

"Герзель жана Энгель-Юрт деп аталган аймактардын ортосунда полиция текшерүү учурунда эки автоунааны токтотуууга аракет кылганда ичиндегилер ок чыгарган. Полиция кызматкерлери атышуу учурунда кол салган сегиз кишини жок кылган",— деп билдирген Россиянын Тергөө комитетинин өкүлү.

Полицейские дежурят на улицах Алматы после перестрелки. - Sputnik Кыргызстан
Алматыда атышуудан жаракат алган дагы бир полиция каза болду
ИИМдин Чеченстандагы өкүлү алар Али Демихановдун бандиттик тобуна киргендер деген маалыматты билдирди. Андан сырткары өлгөндөрдүн арасында анын өзү да болушу ыктымалдыгы айтылды.

Ал Демиханов куралдуу топторду негиздеген үчүн федералдык издөөдө жүргөн адам экендигин маалымдады.

Тергөө комитенини өкүлүнүн айтымында, полициянын төрт кызматкери жаракат алган, бирок, ал өмүр үчүн кооптуу эмес. Ал автоунаалар өрттөнүп кеткендигин, ал эми аталган факты боюнча кылмыш иши козголгондугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0