БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. "Боко Харам" террордук тобу эки жыл мурда Нигериянын мектептеринен уурдалып барымтага алынган кыздардын видео жазуусун жарыялады деп билдирди Франс Пресс агенттиги. Бул туурасында РИА Новости жазган.
Франс Пресстин жазганына караганда, жарыяланган видеодон окуучуларды көрүүгө болот. Согушкерлер эки кыз бомбалоодон каза тапкандыгын айтышкан.
"Боко Харам" радикалдык тобу Нигериянын түндүк-чыгышында өз өкүмүн жүргүзүп келет. Террорчулар бир нече ири, кандуу терактыларды жасаган. Алар мунусун Нигерия, Чад жана Камерун өлкөлөрүндөгү аларга каршы жасалган аскердик кампанияга жооп иретинде жасадык деп билдирип келишет. огушкерлер билим берүүнүн батыштык моделине каршы туруп, өлкө боюнча шарияттын бардык эрежелерин киргизүү керек деп эсептешет.