09:24 17 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.9922
  • RUB1.0933
Кандидат в президенты США от республиканцев Дональд Трамп

Трамп расмий түрдө АКШнын президенттигине талапкерлигин коюуга макул болду

© REUTERS / Brian Snyde
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
АКШдагы президенттик шайлоо (21)
50 0 0

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өткөрүлөт. Трамп менен кошо президенттикке Демократтар партиясынан Хиллари Клинтон ат салышат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Миллиардер Дональд Трамп жума күнү расмий түрдө Республикачылар партиясынын атынан АКШнын президенттигине талапкерлигин коюга макулдугун берди.

"Дос делегаттар жана америкалык мекендештер. Мен бардыгыңыздарга ыраазычылык билдирүү менен Америка кошмо штаттарынын президенттигине талапкер болууга макулдугумду бердим", — деп Трамп Кливлендде өткөн партиянын курултайында билдирди.

"Биргеликте биздин партияны Ак үйгө киргизебиз. Ал эми өлкөбүз коопсуз аймакка айланып, өнүгө баштайт. Биздин мамлекет кең пейил жана боорукер болот. Бирок ошол эле учурда мыйзам менен тартипти сактаган өлкөгө айланат", — деп кошумчалады талапкер.

АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрда өткөрүлөт. Трамп менен кошо президенттикке Демократтар партиясынан Хиллари Клинтон ат салышат.

Тема:
АКШдагы президенттик шайлоо (21)

Тема боюнча

Хилари Клинтон жазган китебинен беш миллион доллар пайда тапкан
Трамп мигранттардын экинчи 11-сентябрды кайталарынан шек санабайт
Белгилер:
талапкер, президент, расмий сапар, Дональд Трамп, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ