Корея чалгынчылары АКШ базаларында ИМдин бир нече теракт жасарын болжоп жатат

© AFP / JUNG YEON-JEТүштүк Кореянын чек ара кызматкерлери. Архив
Түштүк Кореянын чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НАТО менен АКШнын дүйнөнү ар кыл өлкөлөрүндө жайгашкан 77 аскер базасы жана 21 мамлекеттин жарандары тууралуу маалыматтар элге тарап кетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук тобунун АКШнын Түштүк Кореядагы аскер базасына жана аталган өлкөнүн жарандарына каршы бир нече жардырууларды жасоо планы бар. Бул туурасында РИА Новости Ренхап агенттигине шилтеме кылып жазды.

Мындай маанайдагы билдирүү Түштүк Кореянын чалгын кызматы тараткан билдирүүдө айтылган. 

"Ислам мамлекети" террордук тобу бутага АКШнын Түштүк Кореядагы аскердик базаларын жана биздин өлкөнүн жарандарын алуу ниетинде турат. Муну террорчулукка чакырык жасап объектилердин жайгашкан орду жана жарандар туурасындагы маалыматты мессенжерлер аркылуу таратылып жаткандыгынан улам да баамдаса болот", — деп айтылат Ренхап жарыялаган маалыматта. 

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда бир нече жардырууларды жасоого ниеттенгендер кармалды
Тагыраагы, террорчулар АКШнын Түштүк Кореянын батыш тарабында жайгашкан Осан жана Кунсан деп аталган аскердик базалардын ордун жана спутник аркылуу тартылган картаны сүрөтү менен кошо жарыялаган. Андан сырткары, Кореянын социалдык кызматында иштеген бир кызматкер тууралуу маалымат таратылган. Кыязы, жеке адамга тиешелүү бул маалыматтар ал иштеген ведомствонун сайты киберсоккуга кабылгандан кийин алынган. 

Чалгын кызматы террорчулар Түштүк Кореянын жарандары жана объектилери тууралуу маалыматтарды таратуу менен чектелип калбай тургандыгын айтууда. Алардын айтымында, НАТО менен АКШнын дүйнөнү ар кыл өлкөлөрүндө жайгашкан 77 аскер базалары жана 21 мамлекеттин жарандары тууралуу маалыматтар элге тарап кетиши мүмкүн. 

United Cyber Caliphate деп аталган хакерлер тобу Telegram аркылуу маалымат тараткан. Анда "ислам үчүн өч алабыз" деген маанайдагы чакырыктар жазылган. 

Бийлик террорчулардын тизмесине түшүп калган жарандарды полиция катуу кайтарууга алат деген маанайда убада берди. Кооптуулук боюнча бул маалыматтар тиешелүү уюмдарга өткөрүлдү, деп билдирди аталган маалымат агенттиги.

Жаңылыктар түрмөгү
0