Окумуштуулар рак илдетин дарылоодо жардам бере турчу антибиотикти тапканын айтышууда

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛабораторияда кызматкер. Архив
Лабораторияда кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын окумуштуулары жаңы бактерияны ачышты. Анын ичеги ооруларынан тарта рак илдетин айыктырууга чейин колдонууга боло турганын билдиришүүдө.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Иркутск университетинин окумуштуулары немис кесиптештери менен биргеликте бактериянын жаңы түрүн табышканын окуу жайдын маалымат кызматы билдирди

"Суу алдындагы үңкүрлөрдөн 10дой бактерия табылган. Алардын барын текшерүүдөн өткөрүп, бирөө терең илимий иликтөө жасоо үчүн тандалып алынган. Ал 120дан ашык тутумдарды чыгара алары аныкталды. Алардын жүзгө жакыны илимде буга чейин белгисиз болуп келген", — дейт университеттин биология боюнча инситутунун илимий кызматкери Денис Аксенов-Грибанов. 

Окумуштуулар бактерия чыгарган тутумдар ичеги оорусун жана балким рак илдетин айыктыруу касиетине ээ болушу мүмкүн деп болжолдоп жатышат.

Учурда окумуштуулар толук изилдөө жүргүзүү үчүн бардык аракеттерди көрүүүдө. Ошондой эле бул бактерия кайсыл дарттарга шыпаа болушу мүмкүндүгүн тыкыр текшеришүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0