АКШ мамдепартаменти Европада дагы теракт болорун айтууда

© REUTERS / Eddie KeoghУлуу Британия полиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөө убагында. Архив
Улуу Британия полиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөө убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык мекеме спорттук иш-чаралар менен туристтик жайларга бара турган жарандарды этият болуп, эл көп чогулган жерлерден оолак болууга чакырды.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. АКШнын мамлекеттик департаменти америкалык жарандарга террорчулар Европада жаңы терактыларды даярдап жатканын эскертти.

Марттын башында аталган мекеме "Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлери жакын арада Европада терактыларды пландап жатканын айткан.

Департамент террористтик топтор жакын арада Европанын аймагында дагы бир нече теракт жасай турганын эскертип, согушкерлердин бутасына спорттук иш-чаралар, туристтик жайлар, ресторандар жана унаалар алынарын белгилөөдө.

"АКШ жарандарын эл көп чогулган жерде, унаада сак болууга чакырабыз. Диний майрамдарда, ири фестиваль жана иш-чараларда өзгөчө этият болуу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, жарандарга бийликтин айтканын угуп, маалымат каражаттарына көз салып, сапарлар тууралуу жакындарын кабардар кылуу сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0