Обама президент катары биринчи жолу АКШдагы мечитке барды

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШ президенти Барак Обама Балтимордогу мечитте.
АКШ президенти Барак Обама Балтимордогу мечитте. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы Балтимордун мечитиндеги мусулмандарга кайрылып, терроризм менен күрөшүү жана ислам боюнча өз оюн билдирди.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама өлкө башчылык кызматты аркалаган мезгилде биринчи жолу мечитке барганын Euronews билдирди.

Барак Обама Ливияда террорчулар менен күрөштү колдоого тапшырма берди
Балтимордогу мечитте мусулмандар алдында сүйлөп жатып, президент ислам колониалдык доордон бери Американын бир бөлүгү экенин айтты. Өлкө башчы Американын жаңы муундагы мусулмандарынын мамлекетти өнүктүрүүдөгү ордун белгиледи.

АКШ президенти жарандарды сабырдуулукка чакырды. Ал 11-сентябрдагы жана Парижде болгон терактылардан кийин адамдар бардыгын дин менен байланыштыра баштаганын айтты.

"Акыркы убакта сейрек болсо да америкалык мусулмандарга каршы багытталган саясий маанидеги сөздөр кездешүүдө. Мындайга кечирим жок", — деди президент.

Обама терроризмге каршы күрөшүүдө айрым пикир келишпестиктер бар экенин белгилеп, бул Батыштын ислам менен тирешүүсүнө алып келбеши керектигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0