Бир жарым жашар бала уулуу жыланды тиштегилеп өлтүрүп салган

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖарарака жыланы. Архив
Жарарака жыланы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыязы, кичине бала уулуу жыланды жаңы оюнчук деп ойлогон көрүнөт. Кудай жалгап, жылан баланы чакпаптыр – дарыгерлер анын организминен уулануунун белгисин тапкан эмес.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бразилияда бир жарым жашар бала менен коркунучтуу жыландын жолугушуусу күтүүсүз бүттү — бала сойлоп жүрүүчүнү өлөрчө тиштегилеп салган да, өзү эч жабыркаган эмес. 

Талаадагы жылан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүн-1 кичи районундагы жыланды ӨКМ кармабайт
Gaucha радиосунун билдирүүсү боюнча, укмуштуу окуя Риу-Гранди-ду-Сул штатынын Мостардас шаарында болгон. Лоренцо аттуу бөбөк үйүнүн короосунда ойноп жатып, жарарака деген жыланга кабылат. Бул сойлоп жүрүүчүнүн уусу кичине балага эмес, чоң киши үчүн да өтө коркунучтуу. Аны Лоренцо тиштегилеп өлтүрүп салганы таң каларлык. 

Баланы жылан чагып салдыбы деп корккон ата-энеси дароо бейтапканага алып келишкен, бирок, кудай жалгап, анын организминен уунун белгиси табылган эмес. Бала жабыркамак түгүл, абалы сопсонун экенине дарыгерлер ата-энесин ынандырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0