05:41 01 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7888
  • EUR96.2310
  • RUB1.1321
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
30110

Сенаторлор бир добуштан россиялык аскердик күчтөрдү чет жактарга колдонууга уруксат берди. Путин бул боюнча уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Сенаторлор россиялык аскердик күчтөрдү чет жактарга колдонууга уруксат берүү чечимин бир добуштан колдошту. Бүгүн Россиянын башчысы Владимир Путин бул боюнча уруксат берүү өтүнүчү менен РФтин Федерациялык кенешине кайрылган. 

Андан мурдараак РФ президентинин администрациясынын башчысы Сергей Иванов маселе Сирияга тийиштүү экендигин, Путин аларга аскердик жардам берүү туурасында айтканын кабарлаган эле. Иванов кеп  кургактыктан жасалуучу операциялар эмес, аскердик аба күчтөрүн колдонуу туурасында болуп жатканын билдирди. 

Ал арада Сирия президенти Башар Асад Россияга аскердик жактан жардам көрсөтүү боюнча кайрылды. Бул туурасында Сергей Иванов журналисттерге билдирди. 

"Сирия президенти Башар Асад биздин өлкөнүн жетекчилигине аскердик жардам көрсөтүү өтүнүчү менен жардам сурап кайрылды. Терроризм менен, албетте, күрөшүү керектигин, күрөштү күчтөрдү бириктирип жүргүзүүнү, аны менен кошо эл аралык эрежелерди сактоо зарылдыгын айта кетмекчимин", — деди ал журналисттерге. 

Буга чейин Путин БУУда терроризмге каршы күрөш Сириянын өзүндөгү саясий процесстер менен катар жүргүзүлүшү керектигин, бирок россиялык аскерлердин кургактыктан жасала турган операцияларда катышпай тургандыгын айткан.

Тема боюнча

Time: Путин Обамага "мен эскертпедим беле" деп айтууга укуктуу
Sputnik Путиндин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүн түз алып көрсөтөт
Белгилер:
Сирия, Владимир Путин, Башар Асад, Сергей Иванов

ЭҢ МААНИЛҮҮ