00:09 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
БУУнун Башкы Ассамблеясы. Архив

Серепчи: БУУнун Башкы Ассамблеясы дүйнө үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал

© flickr.com / Patrick Gruban
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
35 0 0

Шиллер институтунун негиздөөчүсү Хельга Цепп-Ларуш Европа биримдиги менен АКШ каатчылыктарды чечүү максатында БРИКС өлкөлөрү менен кызматташуу зарылчылыгын түшүнүшү керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. БУУнун Нью-Йоркто өтүп жаткан мааракелик 70-Башкы Ассамблеясы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жол ачып, бүтүндөй дүйнө үчүн акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал деп эсептейт Шиллер институтунун (АКШ) негиздөөчүсү Хельга Цепп-Ларуш.

Уюмдун юбилейлик сессиясы БУУнун штаб-квартирасында 15-сентябрда ачылган. Алдыдагы жылда Башкы Ассамблеянын отурумдарында 170ке жакын маселе каралат. 

Цепп-Ларуштун айтымында, азыр бүткүл дүйнөлүк уюмдун "трибунасынан айрым гана белгилүү адамдары эмне айтарын күтүп жаткандардын саны улам өсүүдө". 

"Кырдаалга акыркы көз ирмемдерде кирише ала турган баягы институт кайда? Бизди кыйроого алып келе турган багытты дүйнөлүк коомчулук жапа тырмак көтөрүлүп өзгөртө алабы? Эгер деги эле мындай институт бар болсо, анда ал – БУУнун Нью-Йорктогу Башкы Ассамблеясы. Жолугушууларга зор сандагы мамлекет лидерлери жана өкмөт башчылары катышат… Бул мезгил аралыгында адамзаттын тагдыры жакшылыктан үмүт кылган бүтүндөй дүйнөнүн көзүнчө талкууланат", — деп жазат Цепп-Ларуш өзүнүн "Өкмөт башчыларына шашылыш аракеттерди көрүү чакырыгы: БУУнун Башкы Ассамблеясы — дүйнө үчүн акыркы мүмкүнчүлүк" деп аталган макаласында.

Эксперт БУУнун Башкы Ассамблеясы "каатчылыктарды чечүү үчүн акыркы мүмкүнчүлүк" болушу ыктымал деп эсептейт.

Анын пикиринде, эгер ЕБ менен АКШ БРИКС өлкөлөрү менен кызматташуу зарылчылыгын түшүнгөндө, "азыр бөлүнүп-жарылып калган дүйнөнүн аймактарын кайра калыбына келтирүү үчүн" дүйнөдөгү көптөгөн маселелер чечилип калмак. 

Салт катары Башкы Ассамблеянын негизги окуяларынын бири 28-сентябрдан 3-октябрга чейин өтө турган жогорку деңгээлдеги сессия болот. Алдыдагы жалпы саясий дискуссияга эң көп мамлекеттик лидерлер катышат.

Тема боюнча

Сариев БУУнун КРдагы өкүлү Аванесов менен Координациялык кеңештин даярдыгын талкуулады
Белгилер:
ЕБ, БРИКС, БУУнун Башкы Ассамблеясы, Хельга Цепп-Ларуш, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ