Жоламан күрөшкөндө титиреп турам... 84 жаштагы Хаким агайдын видеосу

Жазылуу
Совет убагынан бери жүздөгөн баланы машыктырган Хаким Махмудов соңку он жылда Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Жоламан Шаршенбековду таптап берди. Учурда 84 жашта экенине карабастан ишин улантып келет.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги легендарлуу машыктыруучу жана анын окуучусу тууралуу видео тартты. 
© Sputnik / Табылды КадырбековХаким Махмудов Таласта туулуп-өскөн. Бишкектеги дене тарбия институтун бүткөндөн кийин өзү эңсеген машыктыруучулук кесибин аркалай баштаган. Убагында СССРдин спорт чебери болуп, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алган
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Хаким Махмудов Таласта туулуп-өскөн. Бишкектеги дене тарбия институтун бүткөндөн кийин өзү эңсеген машыктыруучулук кесибин аркалай баштаган. Убагында СССРдин спорт чебери болуп, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алган
Хаким Махмудов Таласта туулуп-өскөн. Бишкектеги дене тарбия институтун бүткөндөн кийин өзү эңсеген машыктыруучулук кесибин аркалай баштаган. Убагында СССРдин спорт чебери болуп, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген машыктыруучу наамын алган. 
© Фото / из личного архива Хакима МахмудоваХаким Махмудов 60 жылдык машыктыруучулук ишинде көптөгөн спортчуну бийиктикке жеткирген
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Хаким Махмудов 60 жылдык машыктыруучулук ишинде көптөгөн спортчуну бийиктикке жеткирген
60 жылдык машыктыруучулук ишинде көптөгөн спортчуну бийиктикке жеткирген. Совет маалын эске албаганда учурдагы белгилүү окуучулары — дүйнө чемпионатынын эки жолку чемпиону Жоламан Шаршенбеков, Рио Олимпиадасынын катышуучулары Жанарбек Кенжеев менен Мурат Рамонов. Рамоновду беш жыл тарбиялап, курама командага өткөрүп берген. 
© Фото / из личного архива Хакима МахмудоваУчурда Хаким Махмудов Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенет. Жоламан сыяктуу ондон ашуун баланын машыгуусун жеке өзү көзөмөлдөйт
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Учурда Хаким Махмудов Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенет. Жоламан сыяктуу ондон ашуун баланын машыгуусун жеке өзү көзөмөлдөйт
Учурда Хаким Махмудов Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде эмгектенет. Жоламан сыяктуу ондон ашуун баланын машыгуусун жеке өзү көзөмөлдөйт. Азыркыга чейин күрөштүн көтөрүп чабуу сыяктуу ыкмаларын жасайт, кээде жөн гана айтып берип турат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековХаким Махмудов азыркыга чейин күрөштүн көтөрүп чабуу сыяктуу ыкмаларын жасайт, кээде жөн гана айтып берип турат 
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Хаким Махмудов азыркыга чейин күрөштүн көтөрүп чабуу сыяктуу ыкмаларын жасайт, кээде жөн гана айтып берип турат 
Жоламан Шаршенбеков Хаким агайдын колуна 2009-жылы Касымбек жана Тынарбек аттуу агаларын ээрчип келген.
"Жаңы босогону аттаганда Хаким агайым турган экен. Менин колумду кармап, "оо, мындан чыкчудай экен" деп көңүлүмдү көтөргөнү эсимде. Көбү менин алгачкы жана жеке машыктыруучумду билбеши мүмкүн, ийгиликтеримдин аркасында дал ушул агайым турат", — деп алгачкы күндү жылуу эстеди спортчу.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Күрөштөгү эң чоң артыкчылыгы — чыдамкайлык. Ким менен кармашса да чарчабай, аягына чейин кармашат", — дейт Хаким Махмудов окуучусу тууралуу.
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
"Күрөштөгү эң чоң артыкчылыгы — чыдамкайлык. Ким менен кармашса да чарчабай, аягына чейин кармашат", — дейт Хаким Махмудов окуучусу тууралуу.
Балбанды машыктыруучусунан жакшы түшүнүп-билген адам жок, шакиртинин спорттогу өзгөчөлүктөрүн гана эмес, кулк-мүнөзүн билет.
"Жоламанды мактанып кетпесин деп көп жакшы жактарын айтпайм. Биринчи орунда адамгерчиликтүү, угат, эмне десең ошого макул болот, баарын түшүнөт. Анан өзүнүн оюн айтат, айырмасы ушунда. Спортту жакшы көрөт, жан дили менен машыгат. Күрөштөгү эң чоң артыкчылыгы — чыдамкайлык. Ким менен кармашса да чарчабай, аягына чейин кармашат", — деди Хаким Махмудов.
© Sputnik / Табылды КадырбековБалбан 22 жашында чоңдор арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталып, дүйнө кубогун утуп, Токио Олимпиадасына катышкан. Жалпысынан 14 ири мелдеште алдыңкы орундарды алган
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Балбан 22 жашында чоңдор арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталып, дүйнө кубогун утуп, Токио Олимпиадасына катышкан. Жалпысынан 14 ири мелдеште алдыңкы орундарды алган
Машыктыруучу жаш курагына байланыштуу Жоламанды чет мамлекеттеги мелдештердин бардыгына коштоп бара албайт. Бирок беттештерин санааркап отуруп көрүп, тилек кылып турат.
"Жоламан күрөшүп жатканда мен титиреп турам, жүрөк кармап калбасын дейм. Машыктыруучулардын арасында окуучусу күрөшүп жатканда жүрөгү токтоп калып кайтыш болуп калгандар бар. Кудай деп үйдөн дуба кылып турам", — деди Хаким агай.
© Sputnik / Табылды КадырбековМашыктыруучу менен окуучусунун максаты — эми Олимпиада оюндарында медаль алуу
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Машыктыруучу менен окуучусунун максаты — эми Олимпиада оюндарында медаль алуу
Машыктыруучу менен окуучусунун максаты — эми Олимпиада оюндарында медаль алуу. Хаким агай Жоламанды дагы он жыл күрөшсө дейт. Экөө азыр ири мелдештерге гана катышууну ойлоп жатышат. Балбан 22 жашында чоңдор арасында дүйнөнүн эки жолку чемпиону аталып, дүйнө кубогун утуп, Токио Олимпиадасына катышкан. Жалпысынан 14 ири мелдеште алдыңкы орундарды алган. 
© Sputnik / Табылды КадырбековХаким Махмудов ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүү үчүн ар дайым эмгек кылып, кыймылдап, жарык маанайда жүрүү керектигин айтты
Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Хаким Махмудов ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүү үчүн ар дайым эмгек кылып, кыймылдап, жарык маанайда жүрүү керектигин айтты
 
Хаким Махмудов ден соолукта болуп, узак өмүр сүрүү үчүн ар дайым эмгек кылып, кыймылдап, жарык маанайда жүрүү керектигин айтты. Бүгүн, 2-декабрда, улуу устат 84 жашка чыкты.
Жаңылыктар түрмөгү
0