https://sputnik.kg/20211020/kyrgyzstan-akter-rossiya-rezhisser-izdoo-1054283572.html
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
Sputnik Кыргызстан
Курьердик кызматта иштеген кыргызстандык Нурбол Кайрат уулу пандемия жана жалгыздык тууралуу тартылган россиялык "На близком расстоянии" тасмасына тартылган... 20.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-20T13:59+0600
2021-10-20T13:59+0600
2021-12-15T22:59+0600
жаңылыктар
россия
дүйнөдө
коом
маданият
видео
мультимедиа
курьер
актер
режиссер
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/14/1054282569_0:-1:1274:720_1920x0_80_0_0_b64d48f7a48a853218465e0d4c1399f0.jpg
Картина пандемия учурундагы адамдардын мамилеси тууралуу айтып берет. Сюжет боюнча, дүйнөгө таанымал актриса ооруп калуу коркунучуна карабастан Борбор Азиядан келген мигрантка жардам берүү чечимин кабыл алып, үйүнө киргизип алат. Окуя Санкт-Петербургда болот.Тасмада башкы ролду россиялык белгилүү актриса Ксения Раппопорт аткарган. Дагы бир башкы ролду Нурбол Кайрат уулу ойногон. Аны режиссер Григорий Добрыгин кадимки эле курьердик кызматтан таап алган.Ксения Раппопорт кыргызстандык жигит өзүн тажрыйбалуу актер катары алып жүргөнүн белгилеген.Лента биринчи жолу "Кинотавр-2021" сынагында көрсөтүлгөн. Ал эми прокатка 2021-жылдын 28-октябрында чыгат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/14/1054282569_0:-1:1146:720_1920x0_80_0_0_5ea63d2699c9c3b85d5d179009e93bcc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, россия, дүйнөдө, коом, маданият, видео, мультимедиа, курьер, актер, режиссер, издөө, кыргызстан
жаңылыктар, россия, дүйнөдө, коом, маданият, видео, мультимедиа, курьер, актер, режиссер, издөө, кыргызстан
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
13:59 20.10.2021 (Жаңыртылды: 22:59 15.12.2021) Курьердик кызматта иштеген кыргызстандык Нурбол Кайрат уулу пандемия жана жалгыздык тууралуу тартылган россиялык "На близком расстоянии" тасмасына тартылган. Интернетке лентанын тизери жарыяланды.
Картина пандемия учурундагы адамдардын мамилеси тууралуу айтып берет. Сюжет боюнча, дүйнөгө таанымал актриса ооруп калуу коркунучуна карабастан Борбор Азиядан келген мигрантка жардам берүү чечимин кабыл алып, үйүнө киргизип алат. Окуя Санкт-Петербургда болот.
Тасмада башкы ролду россиялык белгилүү актриса Ксения Раппопорт аткарган. Дагы бир башкы ролду Нурбол Кайрат уулу ойногон. Аны режиссер Григорий Добрыгин кадимки эле курьердик кызматтан таап алган.
"Курьердин ролун аткарган адам актер эмес. Бирок эми роль жаратып, актер болуп калды. Тамак ташыган фирмага ишке орношкон кезде мага курьерлер сүйлөшкөн чатка доступ ачылган. Анда үч миңдей кызматкер бар. Тасманы тартарда курьерлердин аватарын карап ылайыктуусун издедим. Кайратбек Нурбол уулун көргөндө ошол адам керек экенин түшүндүм. Аны менен агентибиз көпкө чейин байланыша албай, акыры жолуктук. Тилекке каршы, тасма тартылып бүткөндөн кийин биз аны менен байланышка чыга албай жатабыз", - деди Добрыгин "Вечерний Ургант" берүүсүнүн эфиринде.
Ксения Раппопорт кыргызстандык жигит өзүн тажрыйбалуу актер катары алып жүргөнүн белгилеген.
Лента биринчи жолу "Кинотавр-2021" сынагында көрсөтүлгөн. Ал эми прокатка 2021-жылдын 28-октябрында чыгат.