Ошто туризмди даңазалаган иш-чаралар өтүп, ага Болливуд жылдыздары катышат

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 26-27-сентябрында Ош шаарынын борбордук аянты туризм индустриясына жаңы эшигин ачат.

Туризм департаменти Бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү. Кыргызстан-2021" аттуу аймактык туристтик форум жана "Кыргызстан Улуу Жибек Жолунун бутактарында" аттуу көргөзмө-жарманке өткөрөт. Мындай иш-чара Кыргызстанда алгачкы ирет болуп жатканы белгиленет. Ал эл аралык жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулууда.

Программасы:

  • эл аралык көргөзмө-жарманке;
  • этнобазар;
  • ири аймактын алгачкы туристтик форуму;
  • этномузыка;
  • Болливуд жылдыздарынын концерттик программасы;
  • ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү;
  • глэмпинг-туризм;
  • туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча талкуулар;
  • "Ири аймактык турбизнес жаңы шарттарда" аттуу тегерек стол;
  • жергиликтүү ышкыбоздордон атайын маданий программа;
  • эл аралык коноктор үчүн экскурсия жана маалымат-саякаты;
  • туризм жаатындагы мыктыларга сыйлык тапшыруу аземи;
  • "Дүйнөгө кат" долбооруна катышуу жана башка кызыктар тартууланат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0