23:59 21 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5043
  • RUB1.1584
Видео

Мыйзамдар өзгөрдү, ЖК депутаттары кантип шайланат? БШКдан видео түшүндүрмө

Кыскача шилтеме алуу
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (31)
364 0 0
© YouTube / Центризбирком КР

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттары шайланат. Жаңы Конституцияга жана өзгөртүлгөн мыйзамдарга ылайык, парламентке 90 депутат аралаш система менен келет.

Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттар кантип шайланары жана добуш берүү процесси тууралуу түшүндүрмө берди.

Бул ирет кыргызстандыктар 54 депутатты партиялык тизме аркылуу преференциалдык система менен шайлайт. Ал эми 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан тандалып келет.

Квота маселеси преференциалдык системада гана каралган. Бир партия 54төн ашык эмес талапкер көрсөтө алат, бир жыныстагылар 70 пайыздан ашпашы керек. Партиянын тизмесиндеги аялдардын 30 пайызы сөзсүз түрдө депутат болушу керек деген талап коюлган. 35 жашка чейинкилерге жана ар кандай этносторго 15 пайыздык квота берилет. Кеминде эки адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген болушу керек.

Добуш берүү күнү шайлоочу колуна эки бюллетень алат. Партиялар шайлоого катышкандардын 5, ар бир аймактан 0,5 пайыз добушуна ээ болсо жеңүүчү деп таанылат. Ал эми бир мандаттуу округдан эң көп добуш алган бир талапкер утуп чыгат.

Тема:
Жогорку Кеңешке жаңы тартип менен болчу шайлоо (31)

Тема боюнча

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди. Соңку тизме
Экс-депутат: ЖК шайлоосунун жыйынтыгы партия лидерлери үчүн күтүүсүз болот
БШК: чет өлкөдөгү шайлоо участкаларынын саны көбөйүшү мүмкүн
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, шайлоо, система, добуш берүү

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ