10:04 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Видео

Олжосун кызганып, ырылдап... Илбирстин кызыктуу видеосу

Кыскача шилтеме алуу
229 0 0

Тоо аралап, жашоосун аска-зоолордо өткөргөн барстар шамдагай эле эмес, өзүнүн акылдуулугу менен да айырмаланат. Олжосун кайтарып, атаандашынан эки эсе күчтүү болсо да кармашууга камынбаган илбирстин видеосу тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, тапкан олжосун кыязы балдарына алып бара жаткан.

Кадрдан камандын тулкусун башы менен кошо улам бир жерге сүйрөп, тынып алып кайрадан жолун уланткан жырткычты көрүүгө болот. Жалгыздап жүргөн илбирстин каны кургай элек курмандыгына көз артып, жай бербей ары-бери учкан куштардан кызганып ырылдай баштаганы видеого түшүп калган.

Карагай-бутактын көлөкөсүнө жеткен илбирстин алыстан келе жаткан жапайы итти көрүп, шырт эткен дабыш чыгарбай, комдонуп калганын көрөбүз. Берки жаныбар кандын изин кууп келип, андан аркысын таппай калган.

Ал арада жогорураак жактан байкоо салып турган барс кармашкысы келген жокпу же күчүн аядыбы, айтор, жаткан жеринен козголгон эмес. Бирок анткен менен иттин ар бир кыймылына абдан дыкаттык менен көз салып турганы камерага даана тартылып калган.

Тема боюнча

Баткак соруп бараткан пилди адамдар куткарып калды. Окуянын сүрөт, видеосу
Алакандай болсо да арстандарга айбат кылып. Деңиз чаянынын жылмайткан видеосу
Белгилер:
илбирс, каман, жапайы жаныбарлар, ит, олжо

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ