00:32 02 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7585
  • EUR100.8923
  • RUB1.1589
Видео

Күн күркүрөп, чагылган чартылдап... Түнкү жарышта чуркаган жөө күлүктөр. Видео

Кыскача шилтеме алуу
314 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бүгүн спорт ышкыбоздору үчүн чоң майрам болду. Борбор калаада жыл сайын өтүүчү Toyboss Night Run 2021 жарышы өтүп, көпчүлүккө жагымдуу маанай тартуулады.

Жарыш 5, 10 жана 21,1 чакырымдык үч дистанцияда өттү. Кечки саат 9да башталган иш-чараны эң узак аралыкка чуркоочулар баштап берди. Жаңырган музыка, жолду бойлой суу, банан сунуштап турган уюштуруучулар жөө күлүктөргө дем берип, колдоо көрсөтүп жатышты.

Күндүн көзү бузулуп, жаан жаап, күн күркүрөп, чагылгандын чартылдашы да катышуучуларга жолтоо боло алган жок.

Милиция кызматкерлери жол кыймылын тескеп турса, жөө күлүктөрдүн саламаттыгына кооптуулук жаралып калса деп тез жардам унаасы да нөөмөттө болду.

Марага келген ар бир катышуучу медаль тагынды.

Тема боюнча

Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт
Белгилер:
жарыш, жөө күлүк, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ