00:21 17 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.4817
  • EUR102.4848
  • RUB1.1487
Видео

Тизилген жан алгычтар. Карабахтын аянтын жарылуучу заттардан тазалаган видео

Кыскача шилтеме алуу
170 0 0

Россиянын Коргоо министрлигинин миналарды зыянсыздандыруу боюнча эл аралык борбору Тоолуу Карабахтын аймагын жарылуучу куралдардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

RT телеканалынын маалыматына караганда, табылган куралдарды адистер атайын жабдылган полигонго алып барып жок кылып жатышат.

Ал эми башка жерге ташып барууга мүмкүн болбогон курал-жарактарды зарыл болгон эрежелерди бекем сактап, ошол жерде жардырып, жок кылышууда.

Мина коюлган талаалар, жарылбай калган ок-дары жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөр аймактардын жаңжалдан соңку башкы көйгөйүнө айланды.

Өмүргө дайым кооптуулук туудурган жагдайдан бир мисал – 23-ноябрдагы Мадагиз айылынын четиндеги Азербайжан, РФ аскер кызматкерлери жана таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлер тобунун жарылышы болду. Жаңжал аймагында мындай кооптуулук тынчтык орнотуучуларды, сапёрлор жана куткаруучуларды күн сайын тооруйт.

Тема боюнча

Чагымчылдык өтпөйт. Россиялык тынчтык орнотуучулар Карабахка көз салып турат
Жардам күткөн бейтаптар. Россиялык медиктер Карабахтын элине кантип кам көрүүдө
Белгилер:
жардыруу, Тоолуу Карабах, Азербайжан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ