Жерди көздөй жалындап учуп келе жаткан метеорит. Видео

Жазылуу
Жергиликтүү ЖМКлар окуя Аль-Талиль калктуу конушуна жакын жерде болгонун кабарлашты. Метеорит плантацияга түшүп, жыйынтыгында өрт чыккан.

Интернетте Ливандын Аккар аттуу аймагына метеорит түшкөн видео пайда болду. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Видеодон асмандан жалындап күйүп келе жаткан тоголок шарды көрүүгө болот. Жерге жакындаган сайын анын жалыны өчүп, кийин жок болуп кеткен.

Жергиликтүү ЖМКлар окуя Аль-Талиль калктуу конушуна жакын жерде болгонун кабарлашты. Метеорит плантацияга түшүп, жыйынтыгында ал жерде өрт чыккан.

Астрофизик Сирина Нехменин божомолунда, бул окуя Леонид метеориттер агымы менен байланышы бар болушу мүмкүн.

Кыргызстандыктар жакында жабыла учкан топ жылдызды көрө алышат

Адистердин айтымында, агым 6-ноябрда активдешип баштаган, ал 30 күнгө чейин уланат. Эң жогорку интенсивдүүлүктө саатына 15-20 метеориттин учуусу күтүлөт. Бир метеориттин ылдамдыгы болжол менен секундасына 71 чакырымды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0