00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:12
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бир тик учак сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу ӨКМ жетекчисинин орун басары Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Ал учурда министрликтин ээлигинде үч тик учак барын, бирөө МИ-8 экенин эске салган. "Аба кемесин сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр бир нерсе айтууга эрте. Бирок сүйлөшүүлөр оңунан чыкса кийинки жылы дагы бир тик учак сатып алабыз", — деди Мамбетов. Адис жыл аягына чейин ӨКМ кошумча атайын техника аларын белгиледи. "Техниканы Дүйнөлүк банктын жардамы менен 8-9 миллион долларга алабыз. Негизинен бул экскаваторлор, бульдозерлор, жээкти бекемдөөчү техникалар болот. Жалпы жонунан 70-80 машина аларыбыз пландалып жатат", — деди Мамбетов.
Бишкек мэриясы "Аккула" ат майданынын жерин өткөрүп берүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. 2024-жылдын 8-июлунда ROX Group жана ТНЖ Глобал фандейшн компаниялары ипподромдун мүлктүк комплексин сатып алуу сунушу менен мэрияга кайрылышкан. Келишимге ылайык, 53 гектар жер 49 жылга пайдалануу үчүн берилет. Шаар бюджетине 5,8 миллиард сом төлөнөт. Ошондой эле 3,5 миллиард сомдук социалдык объектилерди, анын ичинде үч мектеп, үч бала бакча, сейил бак, жол, тротуар жана инженердик түйүндөрдү куруп, мэриянын карамагына өткөрүп берилет. Жалпы инвестициянын көлөмү 87 миллиард сомду түзөрү кошумчаланды.
Үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу үчүн электрондук билерик колдонулат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эми зомбулук жасаган адамдарга убактылуу коргоо ордерин аткарууну камсыз кылуу максатында электрондук билерик колдонулат. Бул чаралар жабырлануучулардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иштелип чыкканы белгиленди. Электрондук билерик соттун чечими менен үч айга тагылып, пробация органы тарабынан көзөмөлдөнөт. Ал эми электрондук байкоо жүргүзүүнүн тартиби жана шарттары министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Эгерде адам зомбулукту улантып же электрондук билерикти тагынуудан баш тартса жана убактылуу ордердин шарттарын бузса 40 саатка коомдук иштерге кесилет же 3-7 суткага чейин камакка алынат.
Россия Борбор Азия өлкөлөрү менен виза режимин киргизүүнү пландаган жок. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрү боюнча үчүнчү департаментинин директору Александр Стерник билдиргенин РИА Новости жазды. Стерник RTVi телеканалына маек берип жатканда ага "жакын арада Москва Борбор Азия өлкөлөрү менен виза режимин киргизери күтүлүп жатабы?" деген суроо берилген. "Биздин маалымат боюнча, талкууда мындай маселе жок", — деп жооп берген Стерник. Анын айтымында, виза режимин киргизүү боюнча кепти саясий элитанын айрым өкүлдөрү чыгарууда, өлкө жетекчилигинде бул тема каралган жок. Дипломат Россияга келген чет элдик жарандар жашоого тез аралашып кетиши үчүн компетенттүү органдар алар менен активдүү иштеп жатканын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0