00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Рысалиев 3 партия жаңы Ак үй салып берсин десе, депутаттар каткырышты. Видео

Жазылуу
Бүгүн жаңы төрага шайланып жаткан маалда, талкаланган Ак үйдү оңдоо маселеси Жогорку Кеңештин депутаттарын кызыл чеке талашка түшүрдү.

Бири имаратты өрттөгөндөрдү жоопко тартууну талап кылса, экинчиси элдик толкундоого өбөлгө түзгөн партияларга жаңы Ак үй салдыруу керектигин айтты. Үчүнчүсү "кайдагы бир көчөдөгү адамдар биздин Ак үйдү талкалап кетти" деп ызаланды.

Эл өкүлү Кожобек Рыспаев парламенттин имаратын талкалагандар азыр жыргап жүргөнүн айтып, жоопко тартылбаганына нааразы болду.

"Биз жоопкерчиликти сезбей жатабыз да. Ак үйдү талкалагандар жыргап жүрүшөт. Аларды жоопко тарткан эч ким жок. Жыргагандан отурабызбы, бул жерде кагазыбызды полго коюп алып. Мындай нерселерге кайдыгер болбой, жоопкерчилигин карабасак көнүмүш адатка айланат", — деп Рыспаев депутаттарга кайрылды.

Андан соң Зарылбек Рысалиев чыгып Ак үйдү талкалагандар эч нерсеси жок көчөдөгү балдар экенин белгиледи.

"Ошого эмне себеп болгонун баарыбыз билебиз да. Алар төрагалыкка көрсөтүлүп жаткан Талант Турмаматовичтин "Кыргызстан", "Биримдик" жана "Мекеним Кыргызстан" партиясы да. Ошол үч партиядан катышкан талапкерлердин эсебинен бир жаңы эле Ак үй салдырып албайлыбы. Кандай дейсиңер?" — деп сунуштады Рысалиев.

Коргоно албайт экенбиз. Жаңы төрага Мамытов Ак үйдүн тосмосун алууну сунуштады

Бирок депутат Евгения Строкова имаратты оңдоого бир тыйын дагы бербей турганын кошумчалады.

"Мен "Биримдикте" болгонума уялбайм. Мен эч кимге акча берген эмесмин. Биздин партияны мазактай көрбөңүз. Бардык партиялар акча таратты, бирок бардык талапкерлер эмес. Эгер сиз акча бердим деп эсептеп жатсаңыз, менин кабинетимдин эшигин оңдотуп коюңуз. Мен бир тыйын дагы бербейм. Себебин кесиптешим (Кожобек Рыспаев — ред.) туура айтты, кайдагы бир көчөдөгү адамдар биздин Ак үйдү талкалап кетишти", — деди Строкова.

Белгилей кетсек, 6-октябрдагы элдик толкундоо маалында Жогорку Кеңештин имараты талкаланып, учурда депутаттар жыйындарын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүүдө. Депутат Акылбек Жапаров аны оңдоого 450 миллион сом керектелерин айткан, бирок президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 10 миллион сом гана талап кылынарын билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0