Бишкекте өткөн веложарыш. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
2020-жылдын эсебинен Бишкек шаарында алгачкы веложарыш өттү. Адатта мындай иш-чаралар жазында болчу, бирок пандемияга ага жол берген эмес. Велосүйүүчүлөрдүн колоннасы үчүн жолдон атайын тилке бөлүнүп, аларды Тез жардам жана Кайгуул кызматы коштоп жүргөн.

Велосипедчендер 9:00дө Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү жаңы паркка чогулушкан. Колонна Айтматов проспекти менен өйдө чыгып Орто-Сай айылына чейин барган. Андан соң Байтик Баатыр көчөсүнөн ылдый түшүп Токомбаев жолу менен старт алган жерине кайра келишкен. Велосипед тепкендер 10 чакырым аралыкты багынтышты.

Велосипед менен дүйнө кыдырган британиялык эки аял Гиннес китебине кирди

Спорт сүйүүчүлөрүн ЖКККББнын үч автоунаасы жана Тез жардам кызматы коштоп жүргөн. Иш-чараны уюштуруу үчүн жолдун бир тилкесиндеги кыймылга чектөө коюлуп, иш-чара бүтөрү менен ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0