Кой-Таш, атышуу, Атамбаевдин кармалышы. Былтыркы окуянын архивдик видеосу

Жазылуу
Бир жыл мурун, так ушул күнү — 2019-жылы 7-августта Кой-Таштагы окуя ЖМКлардын бетинен түшпөй жаткан. Мурдагы ажо Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы эки күнгө созулуп кеткен. Окуя өнүгүшүн Sputnik агенттигинин архивдик видеосунан көрүңүз.

Июлдун ортосунда Жогорку Кеңеш атайын комиссия түзүп, Атамбаев алты кылмышка шектүү экендигин айтып чыгышкан. Парламент аны жактыргандан кийин Башкы прокуратурага жөнөтүп, натыйжада депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экени ырасталган.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Ошол кезде Атамбаев жашаган Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары тарабынан "Элдик штаб" уюштурулган. Ал жерге тарапташтарынын, саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн, партиялаштарынын жана элдин аягы үзүлбөй келген.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жасалган чабуул. Ойлонткон 25 сүрөт

Бул убакта кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кетиши боюнча козголгон иштин алкагында Алмазбек Атамбаев күбө катары үч жолу суракка чакырылган, бирок экс-президент "бийлик алгач укуктук талаага келсин" деп барбай койгон. Кийинчерээк ал адвокаты аркылуу кат түрүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

Атамбаевди кармоону Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин атайын даярдыктагы "Альфа" кызматы колго алып, 7-август күнү кечинде ишин баштаган. Бирок атайын операция ишке ашпай калып, эртеси мурдагы президентти ИИМ багынууга көндүргөн.

Кой-Таш окуясынан жүздөн ашык адам жабыркап, "Альфанын" командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков көз жумган. Ошондой эле Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан катуу жаракат алган.

Атамбаевди кармоо ушул күнү башталган. Былтыркы Кой-Таш окуясын эске салабыз

Окуя боюнча бир нече кишиге иш козголуп, суракка алынып, соттук иштер дале уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0