Бул кабар баарыбызды селт эттирди, көптөр дагы деле ишенбей турат. Ал эми гана 51 жаштын тамагын иче баштаган. Ар дайым сергек, тамашакөй жана сабырдуу эле. Анын эми бул дүйнөдө жок экендигине ишенбей да кетесиң.
Михаил Степанович кечээ түнү үзүлдү. Эки өпкөсү пневмония болуп, Тез жардам менен ооруканага түшүп, бирок медицинанын алы жетпей калды...
Ал өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин коомдук ишин таштаган жок. Facebook тармагынын Кыргызстан сегментинде "Черный список" тобун негиздеген. Июлдун башында белгисиз бирөөлөр талкалап кеткен баракчаны кайра жандандырууга аракет кылып жаткан.
Михаил Рогожин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында эмгектенди. 1990-жылдын орто ченинде Бишкектеги телерадиокомпаниялардын биринде шеф-редактор болгон. Кыргыз-орус славян университетинин эл аралык журналистика кафедрасында студенттерге сабак берген.
Ошондой эле ыр жана прозаларды жазып жүрчү. Сүрөт тартуу менен да алектенчү.
Михаил Степанович кесиптештеринин эсинде чечкиндүү жана адилеттүү жетекчи, кандай маселе болбосун акылга салып чечүү жолун билген адам катары калат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жана радиосунун жамааты Михаил Рогожиндин жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аза кайгысын тең бөлүшөт. Биз үчүн оор жоготуу болду.