Алгач пилди коркутуп качырып, андан соң баласын көз ирмемде куткарышты

Жазылуу
Кениядагы улуттук паркты байырлаган пил баласын тайызыраак көлмөгө түшүп кеткенден кийин аны чыгара албай жан алакетке түштү.

Кичинекей баласын асмандан добушу катуу чыккан тик учак менен сапырылган топурак бир топ апкаарытып койду. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Окуяны Чыгыш Цаводо жүргөн туристтер тартып алган.

Почти как в Маугли — 6 слонят застряли в грязевой яме. Видео спасения - Sputnik Кыргызстан
Пилдин баткактан чыккан балдарынын бири адамдарга кантип ыраазы болду. Видео
Ал жерде жасалма көлмөлөр көп курулган, алар аптапта жаныбарларды акактап суусагандан сактайт. Өтө терең эмес ошондой көлмөлөрдүн бирине пилдин баласы түшүп калып, чыга албай койгон. Энеси ары тегеренип, бери тегеренип, тумшугу, кулактары менен түрткүлөп, бирок алып кете алган эмес.

Маалыматта кичинекей жаныбардын бир жумалык экени айтылган. Албетте, сырттан байкагандарга бул жерге адам баласынын жардамы керек экени ачык көрүнүп турат.

Тик учак менен келген куткаруучулар алгач энесин чочутуп, көлмөдөн алысыраак кууганга аракет кылган. Себеби ал адамдардан баласын коргоп, кишилердин жардам берүү ниетин түшүнмөк эмес. Ал токой аралай жөнөгөндө куткаруучулар тездик менен чуркап келип, пилдин баласын суунун кургак чекесине оодара түртүп, кайра артты карай чуркашкан.

Баласынын куткарылганын көргөн эне кайрылып келип, ээрчиткен бойдон токойго кирип кеткен. Кадрдан куткарылган кичинекей жаныбардын аксап кетип баратканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0