14:11 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Видео

Баткен согушунун майыбы: үзүлүп калган манжаларымды карагым келбей койду

Кыскача шилтеме алуу
1389 0 0
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Баткен окуясы Руслан Абдулганиевди III топтогу майыпка айланткан. Азыр 40 жашта. Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган эски тамда энеси экөө жашайт.

Баткен окуясы Руслан Абдулганиевди III топтогу майыпка айланткан. Азыр 40 жашта. Ош шаарынын четиндеги Дача айылында атасынан калган эски тамда энеси экөө жашайт.

Колунан айрылган каргашалуу күндү эстегенде уйкусу качып, көз ирмебей таң атырарын айтат.

...1999-жылы 19 жаштагы Абдулганиев Алай районундагы 92843 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп, телефон байланыштарын көзөмөлдөчү.

Террордук топтун мүчөлөрү Кыргызстандын түштүк аймагын басып киргенде, башка мекендештери сыяктуу Абдулганиев да эли-жерин коргоо үчүн Чоң Алайга чек ара тарапка аттанган.

Каарманыбыз коогалаң учурунда да телефон байланыштарын көзөмөлдөө милдетин аткарган.

Дом в селе Дача на окраине города Ош, где живет пострадавший в баткенских событиях Руслан Абдулганиев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Баткен окуясы Руслан Абдулганиевди III топтогу майыпка айланткан. Азыр 40 жашта

Ал бир ирет снайпердин огунан аман калган, бирок экинчи жолу апаат аны сол колунун манжаларын алып, биротоло майыпка айланткан.

"Штабда коммутатор болуп иштеп жаткам. Ошол учурда биздин байланыш тобунун кызматкерлерин куралчан согушкерлер өрттөп кетишти. Мен ал жолу топтон ыраакта болгондуктан аман калдым", - дейт Абдулганиев.

Жоокер коогалаңды эстеген сайын каза болгон аскерлердин жараат алган денелери, үзүлүп түшкөн эттер, октон бырчаланып кеткен сөөктөр көз алдына келерин айтат. Бул көрүнүш анын тынчын алып, психикасын буза тургандыгына токтолду.

"Душмандар көпчүлүк учурда түнү кол салышчу. Учурунда өтө кооптуу тапшырмаларды аткардык. Анын баарын эстөө мага аябай эле оор. Көп эстебегенге аракет кылам", - дейт Абдулганиев.

Бир канча ирет ажалдан аман калган, ошол кезде 19 жашта болгон улан сол колунун башын жоготкон каргашалуу окуяны эстегиси келбейт.

Ок колу менен бетинин ортосундагы аралыкта жарылып, көзүнөн да, бетинен да айрылып кала жаздаганын эстеди. Октун чачырандылары көзүнө жарым миллиметрдей тийбей калган.

Дом в селе Дача на окраине города Ош, где живет пострадавший в баткенских событиях Руслан Абдулганиев
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Майып Руслан Абдулганиевдин учурда жашап турган үйүнүн азыркы көрүнүшү

Жарадар болгон Абдулганиевди эки аскер Чоң Алайдын тоолорунан үч чакырымды жөө басып, Карамыктагы чек ара постуна көтөрүп келишкен.

"Постто хирург-дарыгер жок болгондуктан райондун борбору Дароот-Коргонго алып жөнөштү. Колумдан ажырап калгандыгым үчүн жашагым келбей, өзүмдү атып салгым келди. Себеби буттарым басуу үчүн керек болсо, колдорум мага иштөө үчүн керек эле. Аскерлердин менин жаман оюмду сезип, куралдарын жашырып койгонун сезип эле жаттым", - дейт Абдулганиев.

Зарина аттуу дарыгер айым анын күрөө тамырын таап, канды токтотуп, өлүмдөн сактап калган. Тогуз саатка созулган операция учурунда кан басымы төмөндөп, төрт ирет жүрөгүм токтоп, кайра согуп кеткенин кийин айтып беришти.

"Чоң Алай тоолорунда калган манжаларымды балдар ала келишиптир. Колуман ажырап калганыма жаман абалда жаткам, жансыз манжаларымды кароого дарманым келген жок", - деп эскерет ардагер жоокер.

Ал окуядан бери 20 жыл өтсө да Руслан Абдулганиев өзүнүн кесиби - байланыш тармагы боюнча жумуш издеп, бирок аны бардык жерде жумушка алуудан баш тартышкан. Кара жумушка иштейин десе, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Руслан энеси экөө пенсия жана пособиенин эсебинен күн кечирип келет. Алган акчасы дары-дармектен ашпайт. Энеси 63 жаштагы Екатерина Абдулганиеванын уулун үйлөп, небере жытын жыттасам деген аруу тилеги бар. Эне-бала чакан бакчада помидор, бадыраң, картошка жана башка жашылча-жемиштерди өстүрүп кышка азык-түлүк даярдайт.

Мать пострадавшего в баткенских событиях Руслана Абдулганиева Екатерина Абдулганиева
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Учурда Абдулганиев энеси экөө пенсия жана пособиенин эсебинен күн кечирип келет

Баткен окуясынын ардагерлер кеңешинин Ош шаары боюнча төрагасы Дилшат Амиров ардагерлерге жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жаткандыгын билдирди.

"Баткенде болгон кагылышууну "Баткен окуясы" деп атоо туура эмес. Кадимки согуш болгон. Башка согуштун арадагерлерине бир топ жеңилдиктер бар. А бизге жок. Жакында эле Баткен коогалаңынын 20 жылдыгы белгиленди. Иш-чарада жеке тараптар демөөрчүлүк кылышты. Ош шаардык мэриясына кайрылсак, 355 ардагерге болгону 50 миң сом гана бөлүп беришти. Алардын арасында 15-16 майып ардагер бар. Эмнеге Баткен коогалаңынын ардагерлерине ушундай көңүл кош мамиле жасашат. Ардагерлер президентке, Жогорку Кеңешке бир канча ирет кат түрүндө кайрылып, башка согуштун катышуучулары сыяктуу жеңилдиктерди берүүнү суранганбыз", - дейт Амиров.

Бирок ардагерлер ушул күнгө чейин эч кандай жооп ала элек.

Тема боюнча

Кыргызстандагы кандуу жолду көрүп үрөйүм учкан — немец окумуштуусунун Тянь-Шанга саякаты
Согушкерлердин кыргыз кыштагына салган кыргыны. Алааматтын күбөлөрү сүйлөйт
Белгилер:
маек, майып, ардагер, Баткен окуясы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ