ӨА режими аяктагандан кийин Бишкекте жашоо кандай өзгөрдү? Видео

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу калаада өзгөчө абал режими алынгандан кийин жашоо кандай өзгөргөнүн көрсөтүү үчүн көчөгө чыкты.

Бишкекте өзгөчө абал режими алынары менен кыймыл жанданды. Анткени айрым ишкана, уюмдар бийликтин уруксаты менен ишин башташкан. Бирок чектөө чаралары толугу менен алына элек, дагы бир топ мекеме-уюмдардын ишмердүүлүгү азырынча токтоп турат.

Биз борбор калаанын жашоочуларынан жана конокторунан өзгөчө абал режим учурунда эмне кылышканын, андан кантип чыгышканын жана карантин алардын жашоосуна кандай өзгөртүү киргизгенин сурап көрдүк.

Коронавирустун кесепети

Бишкекте өзгөчө кырдаал аяктагандан кийин эркек киши менен бала велосипед тээп жатышат - Sputnik Кыргызстан
Коменданттык саат бүттү. Бишкектин бүгүнкү 12 сүрөтү
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 1037ге жетип, анын ичинен 709у айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болгон.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0