12:12 01 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Видео

Кийим-кечектен кантип бет кап жасап алууга болот? АКШлык хирургдун видеосу

Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (752)
455 0 0

Коргоочу маскаларды үй шартында шарф же футболкадан жасап алууга болот. Тышынан караганда кийимден жасалганы билинбей деле калышы мүмкүн.

Бет капты кийим-кечектен жасоонун жол-жобосун көрсөткөн видео АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун YouTube каналына жарыяланды.

Мастер-классты өлкөнүн башкы хирургу Жером Адамс көрсөтүп берген. Анын айтымында, маска үчүн шарф, футболка же сүлгүнү колдонууга болот.

Дарыгер кесилген футболканы тыкан кылып бүктөп, чекелерин чач байлаган резинка менен бекиткен. Инструкциянын соңунда ооз-мурунду толугу менен жапкан бет капты көрүүгө болот.

5-апрель түштөн кийинки маалыматка ылайык, дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 1 204 782ге жетип, анын 64 849у көз жумду. Вирусту жеңгендердин саны 247 844 болду.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (752)

Тема боюнча

Дарыгер Италияда коронавирустан көп адамдын көз жумган себебин айтты
Белгилер:
видео, кийим, бет кап, хирург, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ