Бир үйүр маралдын артынан түшүп, чаарчыгын баса калган аюунун видеосу

Жазылуу
Вайоминг штатындагы Гранд-Титон улуттук коругунда чаарчык аюуга жем болгон окуя видеого түшүп калды.

Кадрлар 2019-жылдын июль айында тартылган, бирок ViralHog YouТube каналына жакында гана жарыяланды.

Видеодон көрүнүп тургандай, жырткыч бир үйүр маралдын артынан кууп, акырында тырмагына илинген чаарчыкты басып жыгылат.

"Алгач үйүрдүн ары-бери удургуп жатканын көрүп видеого тартып алууну чечтим. Бир маалда бадалдын түбүнөн аюу чыга калганын байкадым. Жырткычка артта калган чаарчык жем болду", — деп жазган видеонун автору.

Буга чейин интернет колдонуучулар Канадада адамдарды көзгө илбей, жолго чыга калып согушкан аюуларды видеого түшүрүп алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0