Снайпер, кар аралаш аба ырайы. Жээнбековдун Москвага келип түшкөн видеосу

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, эки күндүк иш сапары менен Россиянын борбору Москва шаарына келип түштү.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбековдун Москвада катышчу иш-чаралары айтылды
Жээнбеков Россия лидери Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.

Эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кайчылаш жылдын ачылыш аземине катышат.

Андан сырткары, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0