Белинен кармап оодарып салды. Тыныбекованын Индиядагы жеңишинин видеосу

Жазылуу
Бириккен күрөш уюму кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Индиядагы Азия чемпионатында коло байге уткан видеосун жарыялады.

Тыныбекова кечээ, 21-январда, Нью-Дели шаарындагы Азия биринчилигинин алкагында жергиликтүү спортчу Сонам Сонамды таза жеңиш (11:0) менен утуп, үчүнчү орунду камсыздаган.

Күрөшүп жаткан балбандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Олимпиаданын лицензиялык турнирин өткөрүүдөн эмне пайда көрөт. Саресеп
Кыргызстандык спортчу квалификациялык кармашында япониялык Юкако Каваиге жеңилип калган. Беттеш бүтөргө чукул эсеп 1:1 болчу, бирок Каваи атаандашын көтөрүп чапкандыгы үчүн беш упай алып кеткен. Тыныбекова атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган болчу.

Турнир ушул тапта Нью-Дели шаарында болуп жатат. 18-февралда башталган мелдеш 23-февралда жыйынтыкталат. Чемпионаттын программасында грек-рим, кыз-келиндер арасындагы жана эркин күрөш боюнча кармаштар өтөт.

Буга чейин Азия чемпионатынан Айпери Медет кызы, Азат Салидинов, Жоламан Шаршенбеков күмүш алса, ал эми Руслан Царев, Ильяз Ренат уулу жана Роман Ким үчүнчү орунду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0