10:13 29 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0760
  • RUB1.0427
Видео

Капкара дубалдар. Бишкектеги май сакталган жердин өрттөнгөндөн кийинки видеосу

Кыскача шилтеме алуу
222 0 0
© Sputnik / Акылбек Батырбеков

Бишкекте бир күндүн ичинде бензин сатылган контейнер, күйүүчү май сакталган кампа жана эмерек цехи өрттөнүп кетти.

Кампа Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан. Алдын ала маалыматка караганда, турак үйдө күйүүчү май сакталып турган. Өрт 12-февраль күнү саат 20:40тар чамасында башталган. Төрт сааттан кийин өрт чектөөгө алынса, эртеси күнү саат 11:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн.

  • Последствия пожара на складе горюче-смазочных материалов в Бишкеке
    Кампа Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Последствия пожара на складе горюче-смазочных материалов в Бишкеке
    Алдын ала маалыматка караганда, турак үйдө күйүүчү май сакталып турган.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Последствия пожара на складе горюче-смазочных материалов в Бишкеке
    Өрт 12-февраль күнү саат 20:40тар чамасында башталган.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Последствия пожара на складе горюче-смазочных материалов в Бишкеке
    Төрт сааттан кийин өрт чектөөгө алынса, эртеси күнү саат 11:10до өрт толугу менен өчүрүлгөн.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Последствия пожара на складе горюче-смазочных материалов в Бишкеке
    Жалын 2 600 чарчы метрди жалмап, коңшу үйгө да жармашкан. Бирок куткаруучулар аны убагында өчүрүүгө жетишкен.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Кампа Жибек Жолу проспектиси менен Тимирязев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан.

Жалын 2 600 чарчы метрди жалмап, коңшу үйгө да жармашкан. Бирок куткаруучулар аны убагында өчүрүүгө жетишкен. Жерине атайын 10 бөлүм тартылган. Өрттү өчүрүү иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков өз көзөмөлүнө алган. Мындан сырткары, жеринде медиктер, милиционерлер, электриктер жана газ кызматынын өкүлдөрү болгон. Жабыркагандар жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар эсептелип жатат.

Бул Бишкекте жана Бишкектин четинде болгон бир күндүн ичиндеги үчүнчү ири өрт болуп эсептелет. Ошол эле күнү саат 18:30дар чамасында эмерек цехи күйүп кетсе, күндүз бензин сатылып жаткан контейнерден өрт чыккан.

Тема боюнча

Унаа оңдогон жайдан чыккан өрт өчүрүлүп, кырсыктан бир киши жабыркады
Бишкекте унаа оңдоочу жайдан чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Видео, сүрөттөр
Белгилер:
куткаруучу, кырсык, өрт, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ